Казакстандын
борборунун четинде масштабдуу талаа лагери түзүлдү. Бул жерге Улуу Жеңиштин 80
жылдыгына арналган аскердик параддын катышуучулары чогулган. Мында алар комплекстүү
машыгып, даярдык көрүшөт. Сап түзөп, ар бир кыймылды кынтыксыз аткарууга аракет
кылат. Парадга 4 миң аскер кызматкери катышат. Алардын 200ү айымдар. Тандоо учурунда
аскерлердин кесиптик даярдыгы, сапта жүрүү жана ден-соолуктары эске алынды.
Мереке Көшекбаев, Куралдуу
күчтөр кургактагы аскерлердин башкы кол башчысы:
- Бул жерге кесипкөй
даярдыктан өткөн, дени сак аскер кызматкерлери чогулду. Дене түзүлүшү жана бою
да көңүл борборунда болду. Параддын биринчи этабы-тарыхый колонна. Башкы аянтта
өлкөбүздө түзүлгөн дивизиондук жана полктук бригадалардын аскердик желектерин алып
чыгабыз. Экинчи этапта биз заманбап дараметибизди көрсөтөбүз. Ал эми акыркы
этап-аба күчтөрүнө арналат.
Сап түзөгөн жоокерлер
менен бирге параддык аянтка 300дөн ашык аскер техникасы чыгат. Бул жерде да баары
эске алынган. Параддын эң сонун көрүнүшү танктар, заманбап бронетехника жана
ракета комплекстери болот. аларды легендарлуу Т-34 танкы баштап чыгат. Андан
кийин Т-72, БМП-2, артиллерия жана атайын транспорт жүрүп өтөт. Азыр адистер ар
бир аскердик транспорттун кыймылдаткычын жана электрондук шаймандарын кылдат
текшерип, аны маанилүү окуяга даярдап жатышат.
Жалпысынан талаа
лагеринде 200дөн ашык чатыр тигилген. Даярдоо аянтчасында чарбачылык камсыздоо
пункттары, мончолор, оорукана жана ашкана бар. Ошондой эле улуттук тамактар
даярдалат. Кыскача айтканда, аскер кызматкерлерин Жеңиш парадына татыктуу деңгээлде
даярдоо үчүн бардык шарттар түзүлгөн.
Дмитрий Макаров,
Жеңиш парадынын катышуучусу, аскер кызматкери:
- Лагерде бардык
мүмкүнчүлүктөр каралган. Чатырда эки меш бар. Таңкы алтыда турабыз. Эртең
мененки тамактан кийин аскердик форма жана курал алып, түшкө чейин толук
машыгуу жасайбыз. Түштөн кийин да даярдык уланат. Албетте, бош убактыбыз да бар.
Гитара, домбра чертип, шашки, тогузкумалакта ойноого болот. Окула турган
китептер да жетиштүү.
Эскерте кетсек,
аскердик парад бугу айынын 7де Астанада «Казак эли» монументинин жанында өтөт.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

