Астанадагы аскердик парадга Казакстандын тарыхында Сагадат Нурмагамбетов атындагы биринчи даражадагы Айбын орденинин ээси подполковник Жигер Аипов катышты. Офицер бул сыйлыкты Голан дөңсөөлөрүндө БУУнун миссиясы учурунда көрсөткөн эрдиги жана берилгендиги үчүн президенттин колунан алды. Эске сала кетсек, былтыр өлкө биринчи жолу өз алдынча 139 бейпилдик күчтөрүн жөнөткөн.
Жигер Аипов, Коргоо министрлигинин тынчтыкты сактоо боюнча операциялар борбору башкармалыгынын башчысы:
- 2024-жылдын жалган куран айында мен Казакстандын биринчи бейпилдик контингентинин командири болуп дайындалдым жана миссияны аткаруу үчүн Голан дөңсөөлөрүнө аттандым. Биздин контингент бардык тапшырылган тапшырмаларды аткарды. БУУнун 24 кызматкери коопсуз жайга эвакуацияланды. Буга кошумча дагы жарылбай калган жардыргыч түзүлүштөрдү таап, жок кылдык. 600дөн ашык тапшырма аткарылды.
Жигер Аиповдун аскердик жолу легендарлуу генералдын ысымы менен тыгыз байланышкан. Подполковник Сагадат Нурмагамбетов атындагы республикалык «Жаш Улан» мектебинин алгачкы бүтүрүүчүлөрүнүн бири. Офицердин айтымында, Баатырдын эрдиги, кайраттуулугу жана баатырдыгы ага ар дайым үлгү болуп келген.
Жигер Аипов, Коргоо министрлигинин тынчтыкты сактоо боюнча операциялар борбору башкармалыгынын башчысы:
- 1999-жылы Казакстанда биринчи жолу Астанада Сагадат Нурмагамбетов атындагы «Жаш Улан» аскердик окуу жайы ачылган. Мекен үчүн күрөшүп, жанын берген мындай баатырлардын ысымдары кылымдар бою элдин эсинде сакталууга тийиш. Элдин, өлкөнүн жыргалчылыгы үчүн алардын эрдигине, жан аябас эмгегине ушундай таазим кылуу керек деп эсептейм.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

