Казакстан менен Түркиянын президенттери Alem.ai эл аралык жасалма интеллект борборуна барышты. Касым-Жомарт Токаев менен Режеп Тайип Эрдоганга өлкөдөгү башкы технологиялык хабга айланууну көздөгөн борбордун мүмкүнчүлүктөрү тааныштырылды. Мамлекет башчыларына музей экспозициясы жана жасалма интеллект кинотеатры көрсөтүлүп, борбордун узак мөөнөттүү өнүгүү стратегиясы тууралуу маалымат берилди. Ошондой эле эки өлкөнүн лидерлерине «Astana Smart City» долбоору жөнүндө баяндалды.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

