Казакстан менен Евробиримдик экономикалык кызматташтыкты чыңдоо жолунда

Казакстан менен Евробиримдик экономикалык кызматташтыкты чыңдоо жолунда

Катышуучулар Алматыда аймактар аралык кызматташтыкты тереңдетүү маселелерин жана аймак өлкөлөрү менен Евробиримдиктин ортосундагы өз ара аракеттенүүнү ишке ашыруу боюнча мындан аркы кадамдарды талкуулашары күтүлүүдө. Атап айтканда, жашыл экономикага өтүү, санариптик трансформация, Борбордук Азия өлкөлөрүндө бизнес-чөйрөнү жакшыртуу, ошондой эле соода жана транспорттук байланышты кеңейтүү чаралары сыяктуу артыкчылыктуу багыттарга көңүл бурулат.

Ержан Абиш, Эл аралык экономикалык кызматташтык департаментинин мүдүрү:

- Биринчи күнү, 18инде бизнес форматында, B2B форматында өтүп, Европа жана Борбор Азия өлкөлөрүнүн компаниялары ишканалардын ортосундагы ишкердик байланыштарды жакшыртуу үчүн катышат. Бизнес климатын жакшыртуу жана экономикалык диалогду орнотуу. Жалпысынан бул экономикалык форум Казакстанга мультипликативдик эффект берет. Евробиримдик азыр экономикасын диверсификациялоо, инвестициялык потенциалды табуу үчүн Борбор Азия өлкөлөрү менен мамилесин жакшыртууга аракет кылууда. Бул жагынан Казакстан өзүнүн транспорттук потенциалын камсыз кылууда жана жалпысынан бул өлкөлөрдүн ортосундагы соода жүгүртүүнү жакшыртууда негизги ролду ойной алат.

Белгилей кетсек, Евробиримдик Казакстандын негизги соода жана инвестициялык өнөктөшү болуп саналат. 2022-жылы тараптар ортосундагы товар жүгүртүү 40 миллиард долларга жакынды түзгөн. Бул өткөн жылга салыштырмалуу 38%га көп. Ошол эле учурда 2022-жылы европалык компаниялар тарабынан өлкөгө салынган инвестициянын көлөмү 12,5 миллиард долларга жеткен.

Которгон: Илгиз Жамалбеков