Казакстан менен Бельгия ортосундагы соода-алмашуу 300 миллион доллардан ашты

Казакстан менен Бельгия ортосундагы соода-алмашуу 300 миллион доллардан ашты

Жыл башынан бери Казакстан менен Бельгиянын соода жүгүртүүсү 300 миллион доллардан ашты. Аталган мамлекетке Казакстан түстүү металл, жүн, текстиль жана химия өнүмдөрүн экспорттойт. Ал эми Бельгиядан өлкөгө автоунаалар, электр жабдуулары, оптикалык приборлор, химиялык өнүмдөр жана товарларды алынып келинет. Эки өлкөнүн ишкерлери зыгыр экспорту боюнча келишим түзүүгө ниеттенүүдө. Белгилей кетсек, Бельгия казак зыгырынын туруктуу керектөөчүсү. Мурда Падышалыкта иштетилип, андан кийин Кытайга жөнөтүлчү. Эми тараптар зыгырды Казакстанда кайра иштетип, аны Кытай Эл Республикасына жеткирүү боюнча макулдашат. Бул логистика жагынан эки өлкөгө тең пайдалуу болорун белгилей кетүү керек.

Люк Либо, Бельгия Тим Чыгыш, Түштүк Чыгыш Европа жана Борбордук Азия боюнча департаментинин мүдүрү:

- Биз аймактык кызматташтыкты өнүктүрүүгө багытталган бардык долбоорлорду колдойбуз. Европа Биримдиги Борбор Азия өлкөлөрү менен кызматташууну бекемдөөгө кызыкдар. 2019-жылы Европа Биримдигинин Борбордук Азия үчүн жаңы стратегиялык программасы кабыл алынган. Документте чөлкөм менен Евробиримдиктин ортосундагы мамилелер жана мүчө мамлекеттердин аймак менен өз ара аракеттенүүсү кеңири баяндалат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков