Дүйнөлүк экономиканын өсүшү басаңдайт. Серепчилер 2022-жылга карата божомолдорун кайра карап чыгышты. Эл аралык валюта фондунун маалыматында, өсүш 4,4 пайызды түзөт. Буга чейин 4,9 пайыз деп болжолдонгон. Серепчилердин айтымында, жаңы 2022-жылды дүйнө экономикасы төмөн көрсөткүчтөр менен баштап жатат. Энергияны ташыгычтардагы жана берүүлөрдүн үзгүлтүккө учурашы инфляциянын эң жогорку чегине алып келет. Глобалдык өсүштүн басаңдашы эки алдыңкы өлкөнүн – АКШ менен Кытайдын экономикасынан көз каранды болот, дешет серепчилер. Бирок Эл аралык валюта фонду дүйнөлүк экономика келерки 2023-жылы 3,8 пайызга чейин өсүүсү мүмкүн деп божомолдойт.
Которгон: Илгиз Жамалбеков