Казакстандын тышкы соода жүгүртүүсүнүн эң көп үлүшү Кытайга тиешелүү

Казакстандын тышкы соода жүгүртүүсүнүн эң көп үлүшү Кытайга тиешелүү

Үстүбүздөгү жылдын 4 айында Казакстан чет өлкөлөр менен 43 миллиард долларга соода кылган. Бул жаатта тышкы соода жүгүртүүнүн көлөмүндө КЭРнын үлүшү басымдуулук кылат. Бул АКШ валютасында 9 миллиардга барабар. Бул тууралуу Экономикалык изилдөөлөр институту билдирди. Серепчилердин айтымында, экинчи орунда Орусия турат. Аталган өлкө менен өз ара соода алака 7,5 миллиард долларга жакын. Ал эми Түркия алдыңкы үчтүктү 6,5 миллиард менен толуктайт.

Белгилей кетсек, бул аралыкта өлкөдөн жеткирилген товарлар 25 миллиард доллардан ашкан. Чет өлкөлөргө эң көп мунай, руда, уран жана буудай экспорттолгон. Муну менен катар, ата мекендик товарларды Италия, Кытай жана Орусия сатып алат. Өз кезегинде республикага чет өлкөлөрдөн дары-дармектер, учактар, смартфондор, жеңил унааларга арналган тетиктер жана жеңил автоунаалар импорттолот.

Которгон: Илгиз Жамалбеков