Казакстан экономикасынын өсүшүн камсыз кылуу үчүн тармакка 9,5 триллион теңгеден ашык инвестиция салуу пландалууда. Премьер-министрдин орун басары, улуттук экономика министри Нурлан Байбазаровдун айтымында, буга бюджеттик каражаттар да, бюджеттен тышкаркы булактар да кирет. Анын үстүнө акыркысынын негизги бөлүгү 7 триллион теңгени түзөт. Бул улуттук холдингдердин, экинчи деңгээлдеги банктардын жана башка ата мекендик инвесторлордун каражаттары. Ошол эле учурда эл аралык каржы уюмдары менен долбоорлорду жөнөкөйлөтүлгөн каржылоону тартуу боюнча иштер жүргүзүлүүдө. Мындан тышкары, ички жана тышкы жеке инвестициялар да маанилүү роль ойнойт.
Которгон: Илгиз Жамалбеков