Конструктивдүү саясат жана өз ара пайдалуу натыйжаларга умтулуу. Касым-Жомарт Токаев “Известия” гезитине берген маегинде Казакстан менен Орусиянын мамилеси мазмундуу жана жогорку деңгээлде экенин белгиледи. Президент быйыл XXI кылымда достук коңшулук жана союздаштык келишимине кол коюлганына 10 жыл толо турганын билдирди. Мамлекет аралык келишимдин чоң символикалык мааниси бар. Анткени бул эки тараптуу мамилелердин келечегин көрсөтөт. Өлкө башчысы Орусиянын президенти менен Астанада боло турган жолугушуунун күн тартибине да токтолду. Анда президенттер саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташуу маселелерин талкуулашат.
Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын
президенти:
- Эл аралык уюмдардын жана
интеграциялык түзүмдөрдүн алкагындагы мамилелердин аспектилерин карайбыз. Дүйнөлүк
кырдаалдын азыркы абалы жана өнүгүү келечектери боюнча пикир алмашабыз. Муну
менен катар, аймактар аралык кызматташтык форумуна да катышабыз. Бул эки
өлкөнүн аймактары менен ишкерлеринин түз байланышын чыңдоого өбөлгө түзгөн
уникалдуу жана абдан эффективдүү формат. Аталган жыйын бул жылы Казакстандын
Костанай шаарында 19-жолу өтөт. Иш-чаранын темасы - айыл чарба тармагындагы
кызматташтык. Форум Орусия президентинин Казакстанга боло турган сапары сыяктуу
ийгиликтүү өтөт деп ишенем.
Касым-Жомарт Токаев дүйнөдө тең
салмактуулук ачууну акыл менен жеңгенде гана калыбына келерин белгиледи. Мамлекет
башчысы ага эл аралык укуктун нормалары толук сакталганда гана жетишүүгө
болорун кошумчалады. Жалпылап келгенде дүйнө эли «узак мөөнөттүү тынчтыкка
жетүү үчүн» эки шартты милдеттүү түрдө аткарууга тийиш. Атап айтканда, өз ара
компромисске жана эл аралык укук нормаларын сактоого даяр болуу. Экинчи бөлүгү
- Казакстандын тышкы саясаттагы негизги позициясы.
Касым-Жомарт Токаев, Казакстан
Республикасынын президенти:
- Кандай гана чыр-чатак болбосун БУУнун
Уставынын нормаларына жана принциптерине ылайык чечсе болот деп бекем ишенем.
Бул документ дүйнөлүк коомчулук тарабынан адамзат тарыхындагы эң кандуу
согуштан кийин кабыл алынган. Мындай трагедия кайталанбашы үчүн эл аралык
аренада бардыгына түшүнүктүү болгон жалпы оюн эрежелери кабыл алынды. Бул адамгерчилик
принциптеринин чоң жеңиши эле. Азырынча дүйнө чыр-чатакты жеңүүнүн мындан артык
жакшы жолун ойлоп таба элек.
Которгон: Илгиз Жамалбеков