V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында Казакстандын курама командасы тыйын эңмейден абсолюттук чемпион болду. Ат үстүндө ойногон байыртадан келген спорттун «беш таймашы» жана «кош кулаш», «жети кут» боюнча бардык мелдештерде талаа ээлери алтын медалдарга ээ болушту. Белгилей кетсек бул жаатта казактын улуттук «тыйын энмей» мелдеши быйыл биринчи жолу Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын программасына киргизилген. Биринчи беттешке 13 өлкөдөн 31 спортчу катышты.
Бакыт Төлтай, тыйын эңүү боюнча чемпион:
– Көчмөндөр оюнун көптөн бери күткөнбүз. Жакшы жыйынтыктар менен өттүк. Мелдеш жакшы болду, Кыргызстан менен Өзбекстандын баары жакшы даярданышыптыр. Жыл башынан эле даярданып, биринчи орунду алдык, казак элинин намысын коргодук.
Мохаммед Рехануддин, көчмөндөр оюндарынын катышуучусу/Бангладеш/
– Тыйын эңмей мелдешине алгачкы жолу катыштым. Ошондой эле, тогуз коргоол оюнунда сегизинчи этапка чейин жеттим. Мен үчүн көчмөндөр оюндарына катышуу чоң сыймык.
Которгон: Илгиз Жамалбеков