Казакстанда орто кылымдарга таандык сейрек кездешүүчү күмүш тыйындар табылды. Тарыхый эстелик Атырау облусунун жанындагы «Актөбе-Лаэти» шаарчасында жүргүзүлгөн казуу иштеринин учурунда табылган. Археологдор нумизматикалык артефакттарды XIII кылымга таандык деп эсептешет. Байыркы буюм Жошы Улусунда түзүлгөн Алтын Ордо мамлекетинин бийлөөчүсү Меңгу-Темир хандын тушунда куюлган деген маалымат бар. Мындан тышкары, изилдөөчүлөр казуу иштеринин учурунда дагы бир көрүнүктүү экспонат - «Тагара» идишин да табышкан.
Амангелди
Мугау, Археолог:
- Белгилүү
нумизмат окумуштуу Павел Петровдун пикири боюнча, XIII кылымдын экинчи жарымына
туура келет. Тыйындын бир бетинде Меңгу-Темир хандын тамгалары, экинчи бетинде
Кытай иероглифтери түшүрүлгөн. Мунун себеби Чыңгызхандын урпактары Кубылай
менен Чагатай улусунун ортосундагы кагылышууларда колго түшкөн саясий туткун
Номухан менен байланыштырылат.
Толыбай
Достыбаев, Тарыхый-маданий мурастарды изилдөө борборунун жетекчиси:
- Акыркы
эки-үч жылдыкта бул жерге өзгөчө көңүл буруп жатабыз. Келечекте ачык асман
алдындагы музейге айландыруу мерчемделип жатат. Шаарчанын 53 гектар аянты
толугу менен курчалды.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

