Өткөн дем алышта Silk Way Star долбоорунун кезектеги, бешинчи саны көрүүчүлөргө сунушталды. Бул жолу өнөрпоздор сахнаны түрдүү өлкөнүн маданияты менен каада-салты улуттук боёкко толтурду. Катышуучулар элдик ырларды аткарып, өз өлкөлөрүнүн тарыхы менен руханий мурасын музыка аркылуу жеткирди. Бул жолу армениялык Саро Геворгян алдыга чыкты. Ырчы салттуу обонго рок элементтерин айкалыштырып, көрүүчүлөр менен калыстар тобун таң калтырды.
Саро Геворгян, Silk Way Star сынагынын катышуучусу, Армения:
- Бул жолу адаттагыдан өзгөчө толкундандым. Себеби бул өз өлкөбүздү даңазалоо мүмкүнчүлүгү түзүлгөн сынактын негизги этабы деп эсептейм. Мен биздин өлкөдө таанымал армян элдик ырын аткардым. Ушул ырды аткарууда тууган элимдин бай маданиятын жана болмушун, улуттук баалуулуктарын жеткиргим келди. Калыстардын берген баасын көрүп, бул оюмдагыдай болду деп ойлойм.
Түштүк Кореялык "Кендис" тобу эң аз упай топтоп, сынак менен коштошо жаздады. Бирок Казакстан атынан казылык кылып отурган Жанар Дугалова өз вето укугун пайдаланып, топту долбоордо калтырды. Мындай укук уюштуруучу өлкөлөрдүн калыстарына гана берилген. Алар - Казакстан менен Кытай.
Жанар Дугалова, Silk Way Star сынагынын калыстар тобунун мүчөсү:
- Бул топ мага чындап жагат. Менимче, алар бул долбоорго
керектүү катышуучу. Себеби жалгыз гана топту эмнеге колдобоско, эмнеге
меймандостугубузду көрсөтпөскө. Долбоордун жүрүшүндө кыздардын күйөрмандары
пайда болду. Мен үчүн бул туура чечим болгон сыяктуу. Көрөсүздөр, бул кыздар
дагы далай кызык номерлерди бизге сунуштайт.
Ал эми бардык беш турдун жыйынтыгы боюнча жалпы рейтингде казакстандык ырчы Алем менен моңголиялык Мишель Джозеф тең упай менен алдыда келе жатышат.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

