Венгриянын борборундагы Казак улуттук хореография академиясынын студенттери
жогорку чеберчиликти көрсөтүштү. Budapest Ballet Grand Prix эл аралык сынагы
30дан ашык өлкөнүн катышуучуларын чогултту. Казак бийчилери «Пакита», «Уйкудагы
сулуу», «Корсар» жана «Дон Кихот» классикалык балеттеринен вариацияларын
тартуулап, калыстар тобун тан калтырды. Улуттук
хореография академиясында мындай кадыр-барктуу сынакка катышуу Казакстандын
дүйнөлүк балет сахнасындагы позициясын бекемдөөдөгү маанилүү кадам болуп,
хореография искусствосунун адистеринин көңүлүн өлкөдөгү тармакты өнүктүрүүгө
бурду.
Светлана Кокшинова, Казак улуттук хореография академиясынын кесиптик билим
берүү мектеп-колледжинин жетекчиси:
- Алар биздин кыздардын шык-жөндөмдүүлүгүн, билимдүүлүгүн, сулуулугун, музыкалык чеберчилигин өзгөчө белгилешти. Бул бизге жагымдуу болду. Биздин кыздар 1 жана 2-орундарга ээ болгон финалдык оюн-зооктордон кийин, дүйнөдөгү эң көрүнүктүү, эң атактуу балет бийчилери жана балетмейстерлери катышкан калыстар тобунун мүчөлөрү, биздин окуудагы жогорку жетишкендиктерибиз менен айырмаланганыбызды айтышты.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

