Казакстандык режиссер Дарежан Өмирбаевдин «Акын» тасмасы кезектеги эл аралык беделдүү сыйлыкка ээ болду. Бул жолу тасма Португалияда өткөн кинофестивалдын баш байгесин жеңип алды. Тасманын сюжети технологиянын өнүккөн доорунда көмүскөдө калуудан корккон акын жөнүндө баяндалат. Сценарий немис жазуучусу Герман Гессенин «Автордук кече» повестинин негизинде жазылган. Тасманы тартуу иштери Алматыда, Алматы облусунда жана Атырауда болгон. Башкы каармандын ролун белгилүү ырчы, обончу Ердос Канаев аткарды. Эскерте кетсек, Акындын дүйнөлүк бет ачары 2021-жылы Жапонияда өткөн 34-Токио эл аралык кинофестивалынын башкы сынагына катышып, тасма Мыкты режиссёр номинациясына татыктуу болду. Ал жыл башында Германияда өткөн 72-эл аралык Берлин кинофестивалында сынактан тышкары көрсөтүлгөн. Ошондой эле ата мекендик өндүрүш Бразилияда өткөн эл аралык кинофестивалда «Мыкты тасма» номинациясын жеңип алган. Ал эми бештин айынын 14нөн тарта «Акын» тасмасы француз кинотеатрларында көрсөтүлө баштайт.
Которгон: Илгиз Жамалбеков