Казакстанда альтернативдик энергия булактарынан электр энергиясын өндүрүүнүн көлөмү бир жылдын ичинде 21 пайызга артып, болжол менен 4 миллиард киловатт-саатты түздү. Мында республикада шамал электр станцияларынын үлүшү басымдуулук кылып, 1,6 миллиард киловатт-саат жарык өндүрүлдү. Былтыркыга салыштырмалуу 38 жарым пайызга көп. Экинчи орунда жыл бою күндөн бир жарым миллиард киловатт энергия иштеп чыгарган объектилер турат. Ал эми кичи ГЭСтерге келсек, алар былтыркыдан 17 жарым пайызга көп энергия өндүргөн. Биоэлектрдик объектилердин иштеши тескерисинче 1 миллион киловатт-саатка чейин азайган. Өткөн жылы өлкөнүн Жашыл экономикасына багытталган инвестициянын көлөмү 103 миллиард теңгеден ашты. Тармакка салынган каражаттын көлөмү боюнча Жамбыл, Актөбе жана Акмола облустары алдыга чыкты.
Которгон: Илгиз Жамалбеков