Астана – ылдам өнүгүп жаткан шаар

Астана – ылдам өнүгүп жаткан шаар

Астана Казакстандын эң жагымдуу шаарларынын бири катары өз ордун ишенимдүү бекемдөөнү улантууда. Миңдеген адам жаңы мүмкүнчүлүктөрдү издеп борборго келишет. Дал ушул жерде өлкөнүн негизги каржылык жана административдик ресурстары топтолгон. Шаардын негизги экономикалык көрсөткүчтөрүнүн талдоосун energyprom.kz түзгөн. Порталдын маалыматы боюнча, калктын тез өсүшү курулуштун, ички рыноктун жана кыймылсыз мүлк секторунун өнүгүшүнө түрткү берген. Казакстандын башкы шаары тейлөө тармагында да лидерликти ишенимдүү сактап турат, ал аймактык дүң продукциянын дээрлик 80%ын түзөт. Бул мегаполистин өлкөнүн интеллектуалдык жана тейлөө борборуна айланып баратканын тастыктайт. Санариптик өнүгүү министрлигинин маалыматы боюнча, борбор республиканын акылдуу шаарларынын рейтингинде Алматы менен Карагандыны артка калтырып, алдыңкы орунда турат. Мындан тышкары, Астана Oxford Economics Global Cities Index 2025 изилдөөсүнө ылайык, Азиянын эң мыкты 40 шаарынын катарына кирди. Жалпысынан, борбор бизнес жана жаңы идеялар үчүн тартуу борбору статусун сактап турат. Бул жерде жашоонун заманбап сапат стандарттары түзүлүп, жаңы экономикалык модель калыптанып, дымактуу долбоорлор ишке ашырылууда. Аналитиктер белгилегендей, мегаполистин потенциалы бар. Ал эми аны менен бирге туруктуу өнүгүүгө багыт алууда. 

Которгон: Назира Бегалиева