ТҮРКСОЙ түрк маданият уюму 2025-жылды Нургиса
Тилендиевди эскерүү жылы деп жарыялады. Бул тууралуу эл аралык уюмдун башкы
катчысы Султан Раев билдирди. Казак композиторунун 100 жылдыгынын алкагындагы
маданий иш-чаралар бир гана Казакстанда эмес, бүткүл түрк тилдүү мамлекеттерде
өткөрүлөт. Атайын концерттик
программалар, чыгармачылык кечелер, илимий-практикалык конференциялар уюштурулат.
Казак талаасын күй менен термелткен инсандын мааракеси ЮНЕСКОнун деңгээлинде да
белгиленет. Ал уюмдун аталган күндөрдүн календарына кирди. Композитордун,
дирижердун жана музыканттын чыгармачылык мурасы улуттук классикага айланган. Анын
музыкасы казак жан дүйнөсүнүн өзгөчө руху жана символу. Алматыдагы эл музыкалык
аспаптар музейинде Нургиса Тилендиевдин жеке буюмдары жана архивдик
сүрөттөрүнүн уникалдуу көргөзмөсү ачылды. Ал эми Астанада казак музыкалык
өнөрүнүн алтын фондуна кирген жазуучунун жандуу чыгармалары Казак концерт сахнасында
жаңырды.
Асанали Ашимов, Казакстандын Эл
артисти:
- «Кыз Жибек» тасмасынын 50% ийгилиги ушул музыканын
аркасында болду. Нургиси өзү кадрды карап отуруп жазды. Ошол залда отурганда
бардык кийимдерин чечип, домбра менен отуруп, экранды карап отуруп жазган. Ал
темпти жана ритмди кылдаттык менен тандап, ар бир нотаны жашоосу менен
толтурду. «Кыз Жибекке» көп эмгек жасады. Нургисанын бала кезинен мүнөзү, касиети
абдан күчтүү. Ага тең келген, салыштыра турган эч ким жок. Нургисанын бийиктиги
ушундай. Ал түбөлүктүү.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

