«Азия Добушу» сынагы кайрадан жанданды

«Азия Добушу» сынагы кайрадан жанданды

Искусство сүйүүчүлөрдүн кулагына күмүш сырга! Азия континентинин мыкты ырчылары менен музыканттарынын аткаруусундагы кооз ырлар Алматынын тоолорунда кайра ырдалып, таасирдуу обондор жаңырат. Борбор Азиядагы эң чоң фестивалдардын бирине айланган «Азия Добушу» эл аралык музыка фестивалы дээрлик жыйырма жылдык тыныгуудан кийин кайра жанданды. Бул тууралуу фестивалдын жаңы башкы продюсери Арманжан Байтасов билдирди. Анын айтымында, атактуу «Азия добушу» салттуу түрдө келерки жылдын теке айында бийик тоолуу «Медеу» муз тебүүчү аянтчасында өткөрүлөт. Белгилей кетсек, сынак 90-жылдардын башынан 2004-жылга чейин жыл сайын өткөрүлүп келген. Ар кайсы жылдары уюштуруучулардын чакыруусу менен фестивалдын коноктору Патрисия Каас, Тото Кутуньо, Митхун Чакраборти, «Бони М» жана башкалар болушкан.

Арманжан Байтасов, продюсер:

- Негизи биз эч нерсе ойлоп таппайбыз. Болжол менен ошол эле структура концерттерди, конкурстук программаны түзүү үчүн кала берет, ал эми концерттин аягында кандайдыр бир жылдыздын оюну болот. Ал эми программанын конкурсуна келсек, дагы бир жолу айткым келет, фольклордук жана популярдуу музыканы айкалыштыруудагы музыканы издөөгө мурдагыдай эле басым жасалат. Биз бул принциптерди сактайбыз.

Лаула Аскар, атайын долбоорлор боюнча мүдүр:

- «Азия Добушу» – бир кезде дүйнөгө жаш, эгемендүү Казакстан мамлекетин тааныткан масштабдуу долбоор болгон. Фестивалдын масштабы кенен, макамы бийик жана бул фестивалга Азиядан эле эмес, Евразия континентинин бардык булуң-бурчтарынан жана андан тышкары АКШдан  таланттар да катышкан учурлар болгон.

Которгон: Илгиз Жамалбеков