Астанага дүйнөлүк диний лидерлер чогулат

Астанага дүйнөлүк диний лидерлер чогулат

Астанада Дүйнөлүк жана салттуу диндердин лидерлеринин 8-чи съездин кабыл алууга даярдык кызуу жүрүп жатат. Эске сала кетсек, аяк оона 17-18 күндөрү Казакстандын борборунда дүйнөнүн 60 өлкөсүнөн жүздөн ашык делегат чогулат. Анда беделдүү руханий лидерлер глобалдык деңгээлдеги экстремизм жана кагылышуулардан баштап тынчтык жана коопсуздук сыяктуу адамзат үчүн актуалдуу маселелерди ортого салышат. Серепчилердин пикиринде, жыйырма жылдан ашык убакыт ичинде бул форум уникалдуу эл аралык аянтка айланды. Съезддин алкагында жүздөгөн иш-чаралар өткөрүлүп, эл аралык уюмдар менен 50гө жакын келишимге кол коюлат деп күтүлүүдө. Казакстан конфессиялар аралык диалогдун булагы болуп саналат. Бүгүнкү күндө ушул үлгүдөгү жолугушуулар Ватикан, Египет, Сауд Арабиясында өтүп жатат. Өлкө ар бир жыйын корутунду документ кабыл алына турган руханий борбор макамын бекитти. Ал өз кезегинде дүйнөлүк диний лидерлердин кол жеткизген орток максатын таанытат.

Болот Сарсенбаев, Конфессиялар жана цивилизациялар аралык диалогду өнүктүрүү боюнча кеңешчи:

- 20 жылдан ашык убакыт ичинде бул съезд уникалдуу жыйынга - диндер аралык диалогдун глобалдык аянтына айланды деп ишенимдүү айта алам. Азыркы учурда буга окшош иш-чаралардын дүйнөнүн ар кайсы жерлеринде өткөрүлүшү анын башкаларга үлгү болгонун таанытат. Аларга көбүнчө серепчилер жана дин өкүлдөрү чакырылат. Ал эми бул жерде аталышынын өзү айтып тургандай дүйнөлүк жана салттуу диндердин лидерлери баш кошот. Башкача айтканда, жогорку деңгээлдеги сүйлөшүүлөр өтөт.

Которгон: Илгиз Жамалбеков