Жыл башынан бери Казакстанга 4 миңден ашык электромобилдер
бажы төлөмү жок алынып келинди. Өлкөнүн Каржы министрлиги бул көрсөткүч өткөн
жылга салыштырмалуу 10 эсеге өскөнүн билдирди. Мамлекеттик киреше комитети
берген маалыматка караганда, 2022-жылы Евразия экономикалык комиссиясынын
чечими менен өлкөгө электромобилдерди экспорттоого квота 10 миңди түзгөн. Быйыл
мындай уруксат 5 миңге көбөйдү. Тактап айтканда, Казакстандын жарандары жыл
аягына чейин өлкөнүн аймагына экологиялык жактан таза 11 миң унаа алып келе
алышат. Сатып алуучу бул мүмкүнчүлүктү жылына бир жолу колдоно алат. Башкача
айтканда, бирөөнү гана сатып алууга болот. Ал бир гана жеке көзөмөл максатында
өзүнө ээлик болушу керек.
Магжан Ыскаков, каржы министрлиги башкармасынын башчысы:
Электромобилди төлөмдөн бошотуу үчүн эмне кылуу керек? Ал үчүн биринчи кезекте мындай унааны сатып алган адам жүргүнчүнүн бажы декларациясын тапшырышы керек. Ал жерде жаран өзү инспекторго бажы документтерин, документтердин түп нускасын жана товарды коштоочу документтерин көрсөтүү менен кайрыла алат. Эгерде жарандардын буга убактысы жок болсо, алар келишим түзүү менен брокердик кызматтан пайдалана алышат. Тескерисинче мындай кызматтар акылуу түрдө болот.
Ошондой эле, электр унаалары утилизациялык төлөмдөн бошотулат. Темир аттын ээси аны мамлекеттик каттоодон өткөрүү үчүн гана төлөөгө туура келет. Анын көлөмү чыгарылган жылына жараша болот. Жылы канчалык эскирген сайын, баасы ошончолук кымбаттай берет. Мисалы, эки жылдан ашпаган электр унаасы үчүн төлөм бир айлык эсептин төрттөн бир бөлүгүн түзөт. Ал эми 2ден 3 жылга чейинки электр кыймылдаткычы бар унааны мамлекеттик каттоодон өткөрүү баасы он эсеге кымбаттайт. Анын көлөмү 86 миң теңгени түзөт. Үч жылдан ашкан жашыл унаа үчүн 862 миң теңге төлөш керек.
Магжан Ыскаков, каржы министрлиги башкармасынын башчысы:
Бажы төлөмдөрүнөн жана салыктардан бошотуу 2022-жылдан тарта колдонулуп келет. Мындай тартип Евразиялык экономикалык комиссиянын кеңешинин чечими менен киргизилген. Транспорт салыгы боюнча айтсак, бүгүнкү күндө Салык кодексинде жеке жактарды төлөөдөн бошотуу каралган. Башкача айтканда, электромобилдерге салык салынбайт.
Ыңгайлуу шарттарга карабастан, республикада мындай типтеги автотранспорттор дагы эле сейрек кездешет. Мунун бирден-бир себеби – өлкөдө жашыл транспортторго арналган инфраструктуранын жоктугу. Аларды энергия менен камсыз кылган атайын станциялар саналуу гана. Бул көйгөйдү чечүү максатында өлкөдө 2029-жылга чейинки жол картасы иштелип чыккан.
Меруерт Ибраев, Индустрия жана инфраструктуралык өнүктүрүү министрлигинин коомдук коммуникациялар департаментинин мүдүрү:
Жол картасы 15 пунктту камтыйт, алар буга байланыштуу ченемдик-техникалык талаптарды белгилөөгө багытталган. Атап айтканда, электр унааларын заряддоо станцияларына керектүү жабдууларды чыгарган ата мекендик өндүрүш борборлорун куруу. Мындан тышкары атайын станциялар орнотула турган жерлерди аныктоо. Ошондой эле, документте экологиялык жактан таза автотранспортторду жана ага байланыштуу инфраструктураны натыйжалуу пайдаланууну өнүктүрүү үчүн ар кандай шыктандыруучу чараларды жана механизмдерди киргизүү каралган. Башкача айтканда, аталган жол картасынын алкагында бул багытта пландалган иштердин ырааттуулугу көрсөтүлүп, ишке ашырылат.
Бүгүнкү күндө кытайлык электромобилдердин жаңы өндүрүүчүсү
ички рынокко чыгууда. Үстүбүздөгү жылдын акыркы чейрегинде алгачкы унааларды
сатыкка чыгаруу пландалууда. Тараптар келишим түзүштү. Мунун негизинде жакын
арада өлкөнүн 8 шаарында дилердик борборлордун тармагы пайда болот.