Эл аралык мамилелерди жөнгө салуу тартиби жакшыртылды

Эл аралык мамилелерди жөнгө салуу тартиби жакшыртылды

Өлкөнүн чет мамлекеттер жана эл аралык уюмдар менен мамилелерин жөнгө салуу тартиби өркүндөтүлөт. Бүгүн палатанын жыйынында Сенаттын депутаттары мыйзамды тааныштырды. Документ мыйзамдардагы боштуктарды жана карама-каршылыктарды жоюуга жардам берет. Бул жерде «негиздөө» жана «эл аралык келишим түзүү» деген аныктамалар кайра каралып, «кол коюу» жана «өкүлчүлүк» түшүнүктөрү такталган. Жаңы мыйзам эл аралык келишимдерге кол коюудагы бюрократиялык тоскоолдуктарды жоюуга багытталган. Маселен, президент эл аралык келишимдерге кол койгондо же бул милдетти башка чиновникке жүктөгөндө ага кошумча ыйгарым укуктарды берүүнүн кереги жок.

Дана Нуржигитова, Эл аралык мамилелер, коргоо жана коопсуздук комитетинин мүчөсү:

- Казакстан кол койгон эл аралык келишимдер дайыма каралып, өркүндөтүлүп турушу керек. Бүгүн каралып жаткан мыйзам ушул максатта иштелип чыккан. Мыйзам эл аралык келишимдик укуктун нормаларын Вена конвенциясына ылайык келтирүүгө, ошондой эле, орун алган карама-каршылыктарды жоюуга багытталган.

Которгон: Илгиз Жамалбеков