"Астана Опера" 9-театр сезонун чоң гала-концерт менен жапты. Быйылкы жыл чыгармачылык топ үчүн эң ийгиликтүү жылдардын бири болду. Ата мекендик театрлар дүйнө жүзүн кыдырып, чет элдик көрүүчүлөр өлкөнүн улуу искусствосуна ыраазы болушту. Жылдын башында австралиялык коомчулук казактын өнөрүнө жогору баа берген. Театрдын күмүш үндүү ырчылары абройлуу “Ballet International Gala» фестивалына катышты. 30 жылдык тыныгуудан кийин Эркегали Рахмадиевдин атактуу улуттук операсы “Алпамыш” кайрадан сахнага чыкты. Акыркы үч жылдан бери өлкөдө концерт койбогон дүйнөлүк деңгээлдеги опера ырчысы Мария Мудряк мекендештерине чоң концерт тартуулады. Анда театр сезонунун көшөгөсүн ачкан 19-кылымдын классикалык француз опера чыгармалары камтылган.
Алан Бөрибаев, «Астана Опера» театрынын башкы дирижёру:
- Бул биздин алдыдагы планыбыз. Анткени келечектеги чыгармачылыгыбызды ушул көркөм көз карашка багыттайлы -деп жатабыз. Бул биринчи француз опера концертибиз. Ар биринин өзгөчөлүгү болгону менен программа бири-бирин байланыштырып тургандай түзүлдү.
10-театрдык сезондо көрүүчүлөрдү бир катар сюрприздер күтүп турат. Юбилейлик сезон ЮНЕСКО тарабынан тынчтыктын жарчысы катары таанылган Грэмми сыйлыгынын ээси кореялык Суми Чо сыяктуу дүйнөлүк деңгээлдеги бир катар сахна жылдыздарынын катышуусундагы концерт менен ачылат. Эл аралык “Жибек жолу” фестивалы, “Калкаман-Мамыр жана Канбак чал” спектаклдери элге тартууланат.