Астанада авиациялык коопсуздук семинары өтүүдө

Астанада авиациялык коопсуздук семинары өтүүдө

Казакстандын авиация тармагынын адистери учактарга кибер жана лазердик чабуулдарга туруштук берүүгө үйрөтүлөт. Заманбап коркунучтардан эффективдүү коргонуу ыкмалары менен тажрыйбалуу европалык адистер бөлүшөт. Буга байланыштуу чет элдик серепчилердин жаңы сунуштары Европалык жарандык авиация конференциясы уюштурган атайын семинардын жүрүшүндө айтылды. Казакстан эл аралык уюм менен тыгыз байланыш орноткон. Ошондой эле, борбор калаада Франция, Улуу Британия, Португалия, Украина, Грузия, Болгария, Испания, Борбордук Азия өлкөлөрүнүн жана жергиликтүү өнөр жай ишканаларынын өкүлдөрү жолугушуп, аба транспорту менен жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү ташуу агымын көбөйтүү мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты. Буга кошумча, Евробиримдик менен Казакстандын ортосундагы аба каттамдарын кеңейтүүгө артыкчылык берилди.

Йоханес Баур, Евробиримдиктин Казакстандагы өкүлчүлүгү кооперациясынын башчысы:
- Казакстан менен Евробиримдиктин ортосундагы коммерциялык жүк ташууну өнүктүрүү эки тараптуу экономикалык мамилелердин дараметин жогорулатууга түздөн-түз байланыштуу. Акыркы убакта бул багытта кызматташуу күч алганын байкоого болот. Айрыкча тараптардын ортосунда соода-алмашуу жакшы жүрүп жатат. Бул көрсөткүчтөр мындан ары да арта тургандыгына биз ишенебиз. Биринчи кезекте аба транспортун жакшыртуу зарыл. Ошондо гана бул жаатта жаңы мүмкүнчүлүктөр ачылат. Жүргүнчүлөр үчүн эффективдүү тарифтерди киргизүү үчүн аба каттамдарында атаандаштык болушу керек. Бул жүк ташуу менен түздөн-түз байланыштуу.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков