Үстүбүздөгү жылдын 9 айында кайра иштетүү өнөр жайынын негизги капиталына 1 триллион 27 миллиард теңге инвестиция тартылды

Үстүбүздөгү жылдын 9 айында кайра иштетүү өнөр жайынын негизги капиталына 1 триллион 27 миллиард теңге инвестиция тартылды

Үстүбүздөгү жылдын 9 айында кайра иштетүү өнөр жайынын негизги капиталына 1 триллион 27 миллиард теңге инвестиция тартылды. Тармак боюнча жеңил өнөр жайына инвестиция 2,5 эсеге өсүп, 11 миллиард теңгеден ашты. Ошондой эле, эмерек өндүрүшүндө 4,5 эсеге, башкача айтканда, 14 миллиард теңгеге чейин, резина жана желим буюмдарын өндүрүүдө 81 миллиард теңгеден ашык өсүш катталды. Бул тууралуу инвестиция боюнча штабдын жыйынында белгилүү болду. Ошол эле учурда, негизги капиталга инвестициялардын көлөмү боюнча кагаз өнүмдөрүн, суусундуктарды жана тамак-аш азыктарын өндүрүүчү ишканалардын арасында оң динамика байкалды. Жалпысынан быйылкы жылы инвестициянын көлөмү 1 триллион теңгени түзгөн 170 долбоорду ишке киргизүү пландалууда. Алардын эң ирилери тиричилик техникасын жана атайын кокс чыгарган ишканалар, ошондой эле, калдыктарды кайра иштетүүчү кен байытуу комбинати. Бүгүнкү күндө 65 долбоор ишке кирди. Алардын жалпы баасы 200 миллиард теңгеге жакын. Муну менен катар, инвесторлордун каражатынын жетишсиздигинен, инфраструктура менен камсыздалбагандыгынан, жабдуулардын жеткирилбегендигинен аймактар ​​бир катар инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууну кийинки жылдарга жылдырышты. Премьер-министр Алихан Смаилов Өнөр жай жана курулуш министрлиги бул багытта координациялоо иштерин активдүү жүргүзүүсү керектигин айтты. Ошондой эле, анын айтымында, инвестициянын көлөмү көбөйүп, эффективдүү долбоорлор ишке ашып жаткан аймактар ​​бар. Атап айтканда, алар Түркестан, Кызылорда, Түндүк Казакстан, Жетису облустары жана Астана шаары.

Которгон: Илгиз Жамалбеков