К. Токаев В. Путин менен телефон аркылуу сүйлөштү

К. Токаев В. Путин менен телефон аркылуу сүйлөштү

Касым-Жомарт Токаев Владимир Путин менен телефон аркылуу сүйлөштү. Мамлекет башчылары Казакстан менен Орусиянын ортосундагы эки тараптуу жана көп пландуу кызматташуунун учурдагы абалын, өнүгүү келечегин, чек арага жакын аймактарда орун алган суу ташкынына байланыштуу кырдаалды талкуулап, эки өлкөнүн өкмөттөрүнө табигый кырсыктарга каршы күрөштө кызматташууну күчөтүүнү тапшырды. Тараптар эки өлкөнүн ортосундагы мамилелер салттуу жана стратегиялык өнөктөштүктүн нугунда жигердүү өнүгүп жатканын белгиледи. 

Которгон: Илгиз Жамалбеков