Астанадагы көргөзмөдө дүйнөлүк диндердин 86 экспонаты коюлду

Астанадагы көргөзмөдө дүйнөлүк диндердин 86 экспонаты коюлду

Казакстандын Улуттук музейинде Дүйнөлүк жана салттуу диндердин лидерлеринин VIII Съездинин алдында «Дүйнөлүк диний салттардын баа жеткис кенчтери» аттуу көргөзмө ачылды. Бул жерде 86 уникалдуу экспонат коюлган: ыйык китептердин көчүрмөлөрү, реликвиялар жана дүйнөлүк диндердин атрибутикалык буюмдары: ислам, христиан, иудаизм, буддизм. Уюштуруучулар көргөзмө адамзаттын бай руханий мурасын, кылымдар бою топтолгон акылмандыкты, гуманизмди жана ыйык тексттерде, ырым-жырымдарда, искусстводо жана философияда чагылдырылган жакшылыкты көрсөтүүгө багытталганын баса белгилешет.

Бахытжан Есбергенов, Диндер жана конфессиялардын диалог боюнча эл аралык борборунун төрагасынын орун басары:

- Көргөзмөнүн максаты – адамзаттын руханий мурасын көрсөтүү жана диндер аралык диалогду бекемдөө, ошондо биздин калк ар кандай маданияттарга аралаша алат. Аны үчүн бул жерде ар кандай ишенимдердин реликвиялары жана символдору менен таанышууга болот. Бул диний китептердин – Куран, Тоорат, Библиянын көчүрмөлөрү.

Которгон: Илгиз Жамалбеков