2028-жылы Өзбекстанда Эл аралык астронавтика конгресси өтөт

2028-жылы Өзбекстанда Эл аралык астронавтика конгресси өтөт

Өзбекстанда Эл аралык астронавтика конгресси өтөт. Космос тармагындагы ири дүйнөлүк форумду тарыхта биринчи жолу Борбордук Азия кабыл алат. Иш-чара 2028-жылга пландаштырылган. Тармактын адистери Самаркандда чогулушат. Абройлуу жыйынды өткөрүү үчүн атаандаштык жогору болду. Бул катарда Индия менен Бахрейн да турду. Серепчилердин пикиринде, тандоо аймак өлкөлөрүнүн бирине кокусунан түшкөн жок. Алар бул чечимди тармактагы масштабдуу реформаларды моюнга алуу деп аташат.

Мухиддин Ибрагимов, Космостук изилдөөлөр жана технологиялар агенттигинин мүдүрүнүн орун басары:

- Акыркы жылдары артыкчылыктуу милдеттерди белгилеген бир катар стратегиялык документтер кабыл алынды. Алардын ичинде - космостук изилдөөлөр жана технологиялар жаатындагы мыйзамдык базаны калыптандыруу, жер үстүндөгү космос инфраструктурасын өнүктүрүү, эл аралык кызматташтыкты чыңдоо. Космостук изилдөөлөр тармагындагы мыйзамдык механизмдерди калыптандырууну жана өркүндөтүүнү, ошондой эле азыркы заманбап жер үстүндөгү космос инфраструктурасын курууну көздөгөн Өзбекстан Республикасынын космос тармагын өнүктүрүүнүн 2022-2026-жылдарга арналган концепциясы өзгөчө мааниге ээ.

Салтка айланган конгресске дүйнөнүн булуң-бурчунан 10 миңден ашуун адам катышат деп күтүлүүдө. Кеңири көргөзмө да уюштурулат. Анда космос тармагынын жаңы жетишкендиктери тааныштырылат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков