«Алдар көсө» биринчи жолу мюзикл жанрында коюлду

«Алдар көсө» биринчи жолу мюзикл жанрында коюлду

Казак оозеки адабиятынын легендарлуу каарманы сексен жылдан кийин сахнага кайтып келди. Бул жолу Алдар көсө заманбап ыкмада балдарга түшүнүктүү учурдун тили менен жазылган мюзикл жанрында сунушталды. Улуттук колориттеги масштабдуу жасалга, алп байтерек, ыйык тайказан, казак саймалары, күлкүлүү тамашалар жана Кара жорго бийи. Жаңы түскө келтирилген  жомоктун сценарийи жана либреттосу да жаңыдан жазылган. Алдар Көсө дегенде Молдабайдын ыры дароо эске келет.  Мындан тышкары спектаклде заманбап сегиз ыр жана төрт хор аткарылып, байыркы уламыштын маңызы ошол бойдон сакталган. Спектакль кадимки казак элинин таалим-тарбиялуу көрүнүшүн баяндайт. Башкы каарман өзүнүн акылмандыгы жана кайраттуулугу менен кедейлерди жамандыктан, ач көз байлардан коргойт. Борбор Азияда биринчи жолу ачылган Astana Musical театры көрүүчүлөргө жаңы сахналык спектаклди тартуулады.

Еслам Нуртазин, мюзиклди коюучу-режиссеру, Astana Musical театрынын көркөм жетекчиси:

Алдар көсөнүн күчү акылында, биз ошону даңазалагыбыз келет. Ар бир адамдын өзүнүн күчү, орду бар деген суроолорго жооп бергибиз келди. Ал эми бул балдарга түшүнүктүү болгондой комедиянын тили жана күлкү бар. Бий жана чоң декорациялар жасалды. Дал ушул Балдар жылында биз алар үчүн тамашага толгон шоу жаратууга аракет кылдык.

Которгон: Илгиз Жамалбеков