Астанадагы көргөзмөдө баалуу экспонаттар коюлду

Астанадагы көргөзмөдө баалуу экспонаттар коюлду

Астанада Алтын диск менен кооздолуп, баалуу таштар менен көркөмдөлгөн сабында халцедону бар темир кылыч тааныштырылды. Бул экспонат 2018-жылы Актөбенин жанындагы көрүстөндөн табылган. Хунндар доорунда ак сөөк же болбосо уруулук макамы жогору адам коюлган. Көргөзмөгө Казакстандын борборуна дагы башка баалуу экспонаттар алынып келинди. Экспозицияга келгендердин назарына эмгек куралдары, тиричилик буюмдары, жебенин учтары, жасалгалар жана идиштер да коюлду. Көргөзмөгө коюлган экспонаттар таш доорунан баштап Алтын Ордо дооруна чейинки мезгилди камтыйт.


Азилхан Тажекеев, А.Х. Маргулан атындагы археология институтунун Астана шаары филиалынын мүдүрү:


- Биздин көргөзмөнүн башкы экспонаты-Батыш Түрк каганатынын башкаруучусунун кайрадан жасалган реконструкциясы. Тактыда отурган башкаруучу Елеке Сазанын комплексинен табылган каганга таандык курдун боосу аркасында кайра жаралды. Анда каган өзү тартылган. Этнограф бул артефакттын бардык деталдарына чейин жасап чыккан.


Табылган экспонаттар Казакстандын байыркы тарыхын тереңирээк изилдөөгө жана баалуу барактардын бетин ачууга мүмкүндүк берет,- дешет тарыхчылар. Буга мисал катары каңгүйлөрдүн жашоосу тууралуу көп маалымат берген жазууларды айтууга болот. Бул уруулар бир нече кылымдар бою азыркы Түштүк Казакстандын аймагында жашап келишкен. Бүгүнкү күндө бул мамлекет эң аз изилденгердердин бири деп эсептелет.


Александр Подушкин, тарых илимдеринин доктору:


- Култөбе шаарчасында карапа кыш-үстөлдө уникалдуу кат табылды. Азыр бул каттын кыркка жакын фрагменттери аныкталды. Бул болжол менен 1700 белги, 86-87 сап. Андан биз абдан кызыктуу маалыматтарды алабыз. Ал каңгүйлөрдүн өздөрү жазганы менен баалуу. Карапа кыш-үстөлдөрдө аткаруу форматынын аркасында биз дүйнөнүн улуу цивилизациялары менен тең келе алдык.

Которгон: Илгиз Жамалбеков