Казак музыкасы менен күүсү Анадолуда. Түркия борборунун тургундары менен коноктору Жетису фольклор жана музыка тобунун өнөрүнө күбө болуп, казактын кара домбрасынын үнүн тындады. Казакстандын Түркиядагы элчилиги менен Көкту казак маданияты коомунун колдоосу менен уюштурулган иш-чара Ахмет Байтурсын уулунун 150 жылдыгына арналды. Концертте атактуу казак композиторлорунун патриоттук ырлары аткарылып, белгилүү музыканттардын обондору жаңырды.
Мехмет Дурсун, көрүүчү:
- Концерт тууралуу интернеттеги маалымдамадан билдим. Өзүм түрк элинин музыкасын сүйүп угам. Мындай иш-чаралар эки өлкөнүн ортосундагы маданий көпүрө болуусу менен бирге, элдерди жакындатат.
Мелике Огүл, көрүүчү:
- Казак маданиятына абдан кызыгам. Ошондуктан өтө жагат. Жетису тобуна чоң рахмат.
Которгон: Илгиз Жамалбеков