Бүгүнкү күндө Казакстандагы
селден жабыркаган 30,5 миңден ашуун үй-бүлө 100 МРП өлчөмүндө бир жолку төлөмдү
алды. Жалпысынан өлкө боюнча кырсыктын кесепетинен 12 миңден ашык турак жай
жана 18 миңден ашык дача курулуштары жабыркаган. Атайын комиссиялар буга чейин
алардын жалпы санынын 84% текшерип чыгышкан. Корутундуга ылайык, 9 миңден ашык
үй калыбына келтирилип, 4,5 миңге жакыны авариялык абалда деп табылган. Учурда
суу кеткен аймактарда жаңы үйлөрдүн курулушу кызуу жүрүп жатат. Азырынча
алардын саны 2 миңге жакын болсо, дагы 3,5 миң батирди экинчи рыноктон сатып
алууга ниеттенүүдө. Белгилей кетсек, жабыркаган казакстандыктарга турак жай
берүү окуу жылынын башталышына карата пландалып жатат.
Которгон: Илгиз Жамалбеков