Казы «Дүйнөдөгү 100 мыкты колбаса» рейтингине кирди. Бул тизме TasteAtlas электрондук энциклопедиясы тарабынан түзүлгөн. Дүйнөнүн булуң-бурчунан келген тамактар, суусундуктар жана ингредиенттер тууралуу маалыматтарды камтыган эл аралык гастрономиялык гидде казактын салттуу жылкы этинен жасалган колбасасы 81-орунду ээледи. Жогоруда Германиянын боквурст сардельдери, төмөндө швед принскорв колбасалары жайгашты. Рейтингде биринчи орунду португалиялык колбаса альйера ээледи.
Белгилей кетсек, Казакстан Борбор Азия жана КМШ өлкөлөрүнөн тамактары «Дүйнөдөгү 100 мыкты колбасанын» тизмесине кирген жападан жалгыз өлкө. Айта кетсек, тизме сайт колдонуучуларынын рейтингинин негизинде түзүлдү.
Белгилей кетсек, платформа дүйнө элдеринин кулинардык мурастарын жайылтуу максатында түзүлгөн.
Которгон: Илгиз Жамалбеков