Астанада заманбап казакстандык сүрөтчүлөр көргөзмөсү ачылды

Килем бетине тартылган көркөм сүрөт. Борбор калаада популярдуу болгон «Qazaq Content» аттуу көргөзмөсүнөн уникалдуу кылкалем чыгармаларын көрүүгө болот. Казакстандык сүрөтчү Асел Сабыржан кызы Улуу талаанын ханбийкелери менен баатыр кыздарынын сүрөтү тартылган 15 эмгек сунуштады. Автор ар бир образ тарыхый эстеликтерден, булактардан алынганын айтат.

Асел Сабыржан кызы, сүрөтчү:
-Бул уникалдуу техника. Негизинен КМШ өлкөлөрүндө мындай стилде иштеген сүрөтчүлөр дээрлик жокко эсе. Менин билишимче, Чыгыш өлкөлөрүнүн биринде ушундай өзгөчө буюмдарды жасаган кылкалем чебери бар. Бирок, айырмалап турган нерсе биздин аткаруу техникабызда.

Жамаат көргөзмөдө эми бир белгилүү ата мекендик сүрөтчү - Алмас Нургожаевдин масштабдуу эмгектери,  айкелчи Шалкар Кабдештин гипер-реализм багытындагы инсталляциялык композициялары коюлган.

Лейла Махат, «KULANSHI» учурдагы заманбап өнөр борборунун жетекчиси:
-Аселдин килемдеги техникасы, Алмастын чоң монументалдык эмгектери, Шалкар Кабдештин металл торлордон жасалган уникалдуу инсталляциялары Казакстандын заманбап искусство тармагын чагылдырган эмгектердин жыйнагы десек болот.

Которгон: Илгиз Жамалбеков.