Алматыда жашаган Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери 101
жашка толду. Аскер кызматкерлери улук ардагерди куттуктап, коргоо министрлигинин
каалоо-тилектерин жеткирди. Василий Зинченко согушка 17 жашында барган.
Ленинград, экинчи Украина жана Беларусь чептеринде салгылашууга катышкан.
Сталинградды коргоого жана Польша менен Украинаны бошотууга салым кошкон. Берлинге
тайманбас чабуулдун арасында болгон.
Василий Зинченко, УлууАта Мекендик согуштун ардагери:
- Польшага киргенде чалгындоо кызматында болдум. Бирок
мени кармап турушту. Бир жумадан кийин чакыртып алды. Андан кийин мен согуш
талаасына жөнөдүм. Польшадагы салгылаштарга катыштым.
Согуш бүткөндөн кийин жоокер Алматыга кайтып келген. Көп
жылдар бою сүт комбинатында эмгектенген. Жубайы менен 73 жыл бир түндүктүн
астында жашап, 3 уул, 1 кызды тарбиялап өстүргөн. 13 небере, 2 чөбөрөсү бар.
Василий Зинченко, ардагердин уулу:
- Бул үйдү ата-энем өз күчү менен салган. Согуш жылдарынан
кийин кыйынчылык болду. Акча жок. Жетишсиз. Атам айдоочу болуп, апам дүкөндө
иштеди. Кошунабыз кыш алып келчү, ал бетонго жабыштырылган. Атабыз бизге балка
сыяктуу шаймандарды жасап берди. Алардын жардамы менен кышты бетондон
тазалачубуз. Жумуш бүткүчө бийге да, сейил бакка да жиберчү эмес.
Василий Зинченко согуш талаасында эрдик жана баатырдык көрсөткөн. Ал үчүн «Улуу Ата Мекендик согуш» жана «Кызыл Жылдыз» ордендери, «Сталинградды коргогондугу үчүн» жана "Германияны жеңгендиги үчүн" медалдары менен сыйланган.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

