Казакстандын туристтик тартымдуулугу артууда

Казакстандын туристтик тартымдуулугу артууда

Казакстандын ири шаарларында түнкү экспресс-маршруттар ишке киргизилет. Өлкөгө келген туристтердин коопсуздугун жогорулатуу максатында ушул мезгилде аэропорттор менен шаар борборлорунун ортосунда автобустар каттап турат. Бул тууралуу өкмөттүн жыйынында тармактын министри билдирди. Ерол Мырзабосынов билдиргендей, өлкө коноктору үчүн эл аралык аэропорттордо QR-код системасы киргизилген. Анда таксилер, мейманканалар, электрондук сим-карталар жана туристтик жайлар тууралуу маалымат камтылат. Жылдын аягына чейин бардык республикалык жолдор заманбап сервис менен камсыз болот. Казакстан-чет элдик туристтер үчүн ачык өлкө. Бүгүнкү күндө 87 мамлекеттин жарандары визасыз, өлкөнүн дагы 107 тургуну электрондук виза менен кирүүгө укуктуу. Аба каттамы дагы кеңейүүдө. Өткөн жылы 22 жаңы багыт ишке киргизилген. Быйыл дагы 32 каттам ачылат. 2024-жылы Казакстанга 15 миллиондон ашык чет элдик турист келген. 10 миллиондон ашык казакстандыктар өлкө боюнча саякатташкан. 

Олжас Бектенов, Казакстандын Премьер-министри: 

- Казакстанды чет элдик туристтерге ээн-эркин эс алууга ыңгайлуу өлкө катары жагымдуулугун жогорулатуу үчүн зарыл шарттарды түзүшүбүз керек. Бул багытта көп иштер жүрүп жатат. Эл аралык авиа каттамдардын, темир жол жана автоунаа каттамдарынын географиясы кеңейүүдө. Чет өлкөлүк жарандар үчүн миграциялык жол-жоболорду жөнөкөйлөтүү колго алынды. Коноктордун эркин жана коопсуз эс алуусуна өзгөчө көңүл бурулуп жатат.  

Которгон: Илгиз Жамалбеков