Астанада үстөл тенниси боюнча Азия чемпионаты өттү

Астанада үстөл тенниси боюнча Азия чемпионаты өттү

Астанада үстөл тенниси боюнча 27-Азия чемпионаты аяктады. Президент Касым-Жомарт Токаев казакстандык спортчулардын финалдык жолугушууларына катышты. Белгилей кетсек, мындай деңгээлдеги иш-чара Казакстанда биринчи жолу өткөрүлүп жатат. Жалпысынан борбор калаага дүйнөнүн 200 өлкөсүнөн 26дан ашык теннисчи чогулду. Мелдеш эркектер жана аялдар арасында жеке, командалык, жуптук жана аралаш разраяддарда өттү. Дем алыш күндөрү турнирдин бир катар категориялары боюнча жеңүүчүлөр аныкталды. Алдыңкы үчтүктө алдыда Жапония турат. Күн чыгыш өлкөсүндөгү спортчулардын куржунунда 3 алтын, 2 күмүш жана 3 коло медаль бар. Эки алтын, бир күмүш жана бир коло медалга ээ болгон Кытай экинчи орунда. Үчүнчү орунга ар бир категорияда бирден медалга ээ болгон Корея Элдик Демократиялык Республикасы жазылды. Казакстандык спортчулар континенталдык биринчиликте жалпы командалык эсепте 7-орунду ээлешти.


Алан Курмангалиев, Устөл тенниси боюнча улуттук кураманын мүчөсү:


- Биз бул беттешке абдан даярдандык. Атаандаштар абдан күчтүү. Азия чемпионаттарына, дүйнө чемпионаттарына жана Олимпиада оюндарына катышкан теннисчилер. Оюн учурунда биз атайын тактиканы иштеп чыгып, колубуздан келгендин баарын жасадык.

Которгон: Илгиз Жамалбеков