БУУнун баш катчысы Казакстандын ШКУ төрагалыгына баа берди

Казакстандын ШКУга төрагалыгы аймактык кызматташтыкты чыңдоо жана соода-экономика, маданият жана гуманитардык маселелерди өнүктүрүү көйгөйлөрүн чечүү боюнча олуттуу аракеттер менен белгиленет. Мындай пикирин БУУнун баш катчысы Kazinform агенттигине берген эксклюзивдүү маегинде билдирди. Антониу Гутерриш белгилегендей, өлкө аймактагы климаттын өзгөрүшү жана суунун тартыштыгы маселелерин активдүү чечүүдө. Ал мамлекеттерди бул багытта конкреттүү чара көрүүгө чакырды. 

Антониу Гутерриш, БУУнун баш катчысы: 

 - Алар 2030-жылга чейин казылып алынган күйүүчү майды өндүрүүнү жана керектөөнү кеминде 30% кыскартуу боюнча конкреттүү пландарды камтышы керек. Казакстан энергетикага өтүүдөгү, анын ичинде быйыл Азербайжанда өтүүчү Тараптардын конференциясында өзүнүн ролун толук аткарат деген ишенимдемин.

Которгон: Илгиз Жамалбеков