Сенат эл аралык кызмат тууралуу мыйзамдарды кабыл алды

БУУнун операцияларында Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун күчтөрүн колдонуу тартиби бекитилди. Өлкөнүн сенаты муну так аныктаган мыйзамды жактырды. Бул протоколдун алкагында “координациялоочу мамлекет” деген түшүнүк киргизилет. Бул макам аталган уюмга мүчө каалаган республикага берилиши мүмкүн. Коопсуздук кеңешинин чечими менен бекитилгендей, БУУнун эсебинен логистика, контингенттик жүк ташуу жана каржы маселелери боюнча кызматташуу ишке ашырылат. Ар бир өлкө тынчтыкты сактоо миссияларына катышуу даражасын өз алдынча жана ыктыярдуу чечет. Ошондой эле, Сенаттын депутаттары өз ара укуктук кызматташтыкты жөнгө салуучу келишимдерди жана БУУнун Коопсуздук Кеңешинин бейпилдик күчтөрүн уюмга мүчө өлкөлөрдүн аймагында биргелешкен материалдык-техникалык жана медициналык жактан камсыз кылууну кабыл алышты.

Маулен Ашимбаев, Парламент Сенатынын төрагасы:
-Каралып жаткан мыйзамдар Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун ишмердүүлүгүнө байланышкан айрым маселелерди жөнгө салууга багытталган. Атап айтканда, БУУнун алкагында Уюмдун тынчтык орнотуу дараметин пайдалануу мүмкүнчүлүгү каралды. Ошону менен бирге мыйзамдардын алкагында мүчө мамлекеттердин укуктук жардам, материалдык-техникалык жана медициналык камсыздоо жаатындагы өз ара аракеттенүүсүнүн негиздери жана шарттары аныкталат. Жалпысынан бул мыйзамдар Уюмдун тынчтыкты жана стабилдүүлүктү чыңдоо боюнча чараларынын натыйжалуулугун жогорулатууга салым кошот деп ишенебиз.

Белгилей кетсек, өлкөнүн аскерлери 30 жылдан бери тынчтык орнотуу операцияларына катышып келет. Непалда, Батыш Сахарада, Кот-дИвуар жана Ливанда БУУнун миссияларына катышты. Тажик-ооган жана Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин тышкы чек араларын коргоо милдетин 9 миңден ашык ички аскерлер аткарды. Казакстандын “КазБат” бейпилдик батальонунун 300дөн ашуун жоокери Иракта миссиясын орундады.


Которгон: Илгиз Жамалбеков