Астанада
таэквондо боюнча «Kazakhstan Open 2025»
эл аралык турнири башталды. Мелдештер баш оона
айынын 14-16сы күндөрү
борбор калаанын спорт сарайларынын биринде өтүп, дүйнөнүн 22 өлкөсүнөн 750дөн
ашуун спортчуну чогултат. Алардын арасында Олимпиада чемпиондору жана дүйнөлүк
рейтингдин лидерлери бар. Казакстанда биринчи жолу мелдештин алкагында жаңы
электрондук мээлейлер жана KPNP K-2 соккуларды каттоо системасы колдонулат.
Көрүүчүлөр ошондой эле Бүткүл дүйнөлүк таэквондо федерациясынын демонстрациялык
командасынын дебюттук чыгуусун көрүшөт. Турнирдин байге фонду дээрлик 16
миллион теңгени түзөт. Уюштуруучулардын айтымында, мелдештер World Taekwondo
календарынын бир бөлүгү болуп, 2026-жылдагы Гран-при финалына, ошондой эле
Казакстандын 2027-жылдагы дүйнө чемпионатын өткөрүүгө болгон арызына даярдыктын
маанилүү этабы болуп саналат. Быйыл жаңы форматтарга, анын ичинде виртуалдык
таэквондонун өнүгүшүнө өзгөчө көңүл бурулууда - бул дисциплина дүйнө жүзү
боюнча популярдуу болууда.
Чунгвон Чоу, World Taekwando президенти:
- E-Taekwondo — бул өзгөчө жаштар арасында популярдуу болгон виртуалдык дисциплина. Билесиздер, 2027-жылы Эл аралык Олимпиада комитети олимпиадалык медалдарды тапшыруу менен биринчи Олимпиадалык киберспорт оюндарын өткөрөт. Ошого E-Taekwondo программага киргизилген. Кечээ бизде Казакстандын Маданият жана спорт министрлиги менен жемиштүү сүйлөшүүлөр болуп өттү, алар өлкөдө виртуалдык таэквондону киргизүүгө чоң кызыгууларын көрсөтүштү.
Которгон: Назира
Бегалиева

