Байбичелер өнөрү

Байбичелер өнөрү

Мунун  казак эли үчүн да мааниси терең дейт Атырау облусунун байбичелер жамааты. Нооруз майрамынын алдында ак жоолуктуу энелер кыз-келиндерге жууркан-төшөк тигүү боюнча атайын мастер-класс уюштуруп, ар бир жууркандын, андагы оюм-чийимдердин маанисин түшүндүрүп беришти. Мисалы, бул төшөк кыздар үчүн жасалган. Казактын салты менен жаштар өссүн деген ниет менен келиндин калыңына кошуп берген.

Калампыр Кулмуратова, шаар тургуну:

- Мен бул жуурканды кичинекей кезимден колго тиккенди үйрөнгөм. Ал кезде тигүүчү машина деген жок болчу, кол менен тикчүбүз. Биз апабыздан үйрөнгөнбүз, апабыз бизге ушундай тигиштерди үйрөткөн. Ал кезде кыздарга «кырк үйдөн тыюу» деген сыяктуу иштер берилген. Ошол эмгектер аркылуу үйрөндүк. Эми үйрөнгөндөрүбүздү үйрөтүп жатабыз.

Жөндөмү болсо, аял кишиге тигүү өзү үчүн да, үй-бүлөсү үчүн да пайдалуу. Андыктан байбичелер жамааты улуттук каада-салтка көңүл буруп, кийинки муунга аманат кылуу милдет деп эсептешет. Ал эми мастер-класска катышкан жаштар иш-чарада чоң энелердин кеп-кеңешин угуп, чоң тажрыйба алышканын айтат.

Гүлсезим Жумагүл, студент:

- Жууркан-төшөк жөнөкөй кездемелерден айырмаланат. Жууркан-төшөк катуу болгондон кийин колго да оор болот. Мен кийим-кече саткан жана кийимди өзүм тигип, өндүргөн жеке бизнесимди ачсам дейм.

Которгон: Илгиз Жамалбеков