Электрондук эмгек биржасынын порталында видео маектешүү мүмкүнчүлүгү жетекиликтүү

Электрондук эмгек биржасынын порталында видео маектешүү мүмкүнчүлүгү жетекиликтүү

Аралыктан маектешүү. Мындан ары иш берүүчүлөр өлкөнүн электрондук эмгек биржасынын порталына резюмесин жайгаштырган талапкер менен видеомаектешүү өткөрүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болот. Бул үчүн тараптар кошумча тиркемелерди орнотуунун кереги жок. Бул кызмат акысыз жана сиздин жеке кеңсеңизде жеткиликтүү. Иш берүүчү аралыктан маектешүүнүн күнү менен убактысын белгилейт жана жумуш издөөчүгө видео чалууга кошулуу үчүн жигердүү шилтеме менен чакыруу жөнөтөт. Эгер ал буга даяр болсо, анда белгиленген убакта чакырууга кошулуу жетиштүү.


 Айгерим Мырзалы, эмгек ресурстарын өнүктүрүү борбору департаментинин башкы серепчиси:
-Видео интервью форматы иш берүүчүгө убакытты үнөмдөөгө, эгерде талапкер иш сапарда болсо, көп баскычтуу тандоо процессинде жолугушууну кийинкиге калтырбоого, ошондой эле жумуш ордун толтуруу убактысын кыскартууга мүмкүндүк берет.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков