Казакстанда бейтаптарга акысыз кызмат көрсөткөн жеке медициналык клиникалардын саны көбөйүүдө. Саламаттыкты сактоо министрлиги Милдеттүү социалдык медициналык камсыздандыруунун алкагында көптөгөн медициналык уюмдарга уруксат берилген эмес деген норманы алып салды. Бул тууралуу “Атамекен” улуттук ишкерлер палатасы билдирди. Белгилей кетсек, буга чейин өлкөнүн жеке менчик саламаттыкты сактоо тармагынын өкүлдөрү ишкерлер палатасына тынымсыз арызданып келишкен. Арыздардын көбү бюрократия жана административдик тоскоолдуктарга байланыштуу болгон. Жада калса республиканын айрым аймактарындагы поликлиникалар социалдык медициналык камсыздандыруу фондунун негизинде көп жылдардан бери каттоодон өтө элек. Министрлик бекиткен документ келечекте кырдаалды өзгөртөт - деген чоң үмүт бар. Буйрук аяк оона айында күчүнө кирет.
Гүлназ Акатаева, Казакстандын «Атамекен» Улуттук ишкерлер палатасы медициналык департаменти мүдүрүнүн орун басары:
– Саламаттыкты сактоо министрлиги бекер медициналык жардамдын кепилденген көлөмү менен милдеттүү социалдык медициналык камсыздандыруунун алкагында жардам көрсөткөн медициналык кызмат көрсөтүүчүлөрдү окутуу боюнча буйрукка өзгөртүү киргизди. Бул алардын аймактык перспективдүү планга кошулуу зарылдыгын жокко чыгарат. Аталган сунушту улуттук ишкерлер палатасы эске алды.
Которгон: Илгиз Жамалбеков