Жасалма интеллект, Smart City жана санариптик
технологияларга негизделген чечимдер. Astana Innovations Accelerator
программасына ушул багыттарда сунушталган 350 арыздын ичинен 29 долбоор
тандалып алынды. Alem.AI борборунда өткөн программанын Opening Day иш-чарасында
шаар жашоосун оптималдаштырууга багытталган мыкты стартаптар тааныштырылды.
Бүгүнкү күндө акселератор - жасалма интеллектти шаардык чөйрөгө интеграциялоо
аянтчасына айланды.
Айбек Ахметбеков, «Astana Smart City» долбоорунун
башкаруучу директору:
– Астана Хаб менен бирге программанын үчүнчү айлампасын
өткөрүп жатабыз. Өткөн жылдардагы акселераторлордун жыйынтыгын көрүп жатабыз.
Алар сыноо режиминде да, толук кандуу система катары да колдонууга киргизилип
келе жатат. Мисалы, көчөдөгү жарык берүүчү мамычаларды акылдуу башкарууга
багытталган долбоор колго алынып, белгиленген райондун акимиаты керектүү ишти
аткарды, азыр
долбоордун алгачкы жыйынтыктарын көрүп жатабыз, бүтүндөй бир райондун электр
энергиясын үнөмдөө көлөмү өстү
Ачылыш күнү Казакстандын инновациялык экосистемасынын
өкүлдөрүн бир аянтчага чогултту. Жасалма интеллект жана санариптик өнүгүү
министрлиги стартаптарды эл аралык деңгээлге чыгарууга колдоо көрсөтөрүн
билдирди. Ал эми Астана шаарынын акимиаты жаңы программаларды жана учурдагы «акылдуу
шаар» технологияларын бир аянтчага чогулткан «Astana.kz» порталын ишке
киргизди.
Алишер Батырбеков, «Астана Инновациялар» Аяк стратегиялык
өнүгү жана инновациялар башкармалыгынын мүдүрү:
– Коммуналдык төлөмдөрдү төлөө, жеке эсептерди
көзөмөлдөө, балаңызды мектепке каттатуу сыяктуу мурда ар кандай маалыматтык
системаларда чачыранды болгон бардык кызматтар «Astana.kz» бирдиктүү порталында
жеткиликтүү болот. Ошондой эле, портал көп тилдүү болот, борбордун конокторуна
шаар жөнүндө маалымат алууга, бул жердеги сейил бактар, болуп жаткан иш-чаралар
менен таанышууга мүмкүнчүлүк берет.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

