Өкмөттө эл аралык каржы уюмдары менен өнөктөштүк маселеси каралды

Өкмөттө эл аралык каржы уюмдары менен өнөктөштүк маселеси каралды

Инвестиция тартуу жана ири долбоорлорду ишке ашырууну тездетүү маселелери Өкмөттө Эл аралык каржы уюмдары менен кызматташуу боюнча Координациялык кеңештин жыйынында талкууланды. Энергетикага өтүү жаатындагы демилгелерге өзгөчө көңүл бурулду. Сунуштардын арасында энергетика тармагында бирдиктүү инвестициялык платформа түзүү бар. Ал энергетикалык трансформациянын артыкчылыктуу долбоорлорун бириктирип, узак мөөнөттүү эл аралык каржылоону тартууга жардам бериши керек. Өткөн жыл ичинде Энергетика, экология жана жаратылыш ресурстары министрликтери Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы менен биргеликте платформанын концепциясынын үстүндө иштешти. Механизм климаттык каржылоону координациялоону камсыз кылууга, эл аралык каржы институттарынын, мамлекеттик органдардын жана жеке сектордун ресурстарын бириктирүүгө багытталган. Жыйындын жүрүшүндө суу чарбасы, суу ташкындарынын тобокелдиктерин башкаруу жана коммуналдык инфраструктура жаатындагы инфраструктуралык долбоорлор да каралды. Премьер-министр эл аралык каржы институттары менен кызматташуунун маанилүүлүгүн белгилеп, мамлекеттик органдарга өнөктөштөр менен биргеликте сунуштарды иштеп чыгууну, биргелешкен инвестициялык долбоорлорду координациялоону өз убагында ишке ашырууну камсыз кылууну тапшырды.

Которгон: Илгиз Жамалбеков