Казакстан жыгачтын айрым түрлөрүн экспорттоого тыюу салды. Индустрия жана инфраструктураны өнүктүрүү министрлигинин буйругуна ылайык, алдыдагы жарым жылда күйүүчү май менен чийки затты республиканын чегинен тышкары экспорттоого болбойт. Темир жол жана трамвай жолдору үчүн жыгач шпалдарга гана уруксат берилген. Мындай тыюу жыгач иштетүү өнөр жайын өнүктүрүү жана жыгач материалдарын Казакстандын аймагынан мыйзамсыз реэкспорттун алдын алуу максатында киргизилди.
Которгон: Илгиз Жамалбеков