Казакстанда айлана-чөйрөгө зыян келтиргендиги үчүн жазаны күчөтүү көздөлүүдө. Мисалы, жер казынасын өз алдынча пайдалангандар үч жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн. Мажилисте экология, геология жана жаратылыш ресурстары министри Сериккали Брекешев өлкөнүн кылмыш жана жазык-процессуалдык кодекстерине экологиялык мыйзам бузуулар үчүн жоопкерчиликти күчөтүү боюнча өзгөртүүлөрдү сунуштады. Анын айтымында, буга чейин мыйзамсыз бак-дарактарды кыюуга байланыштуу коомдук иштерге тартуу же анча-мынча айып пул салынган. Бул жазалар, келтирилген зыянга пропорционалдуу эмес деп эсептейт министр. Эми өзгөртүүлөргө ылайык, бул мыйзам бузуу жосундар категориясынан кылмыш категориясына которулат. Мындан тышкары, министр административдик укук бузуулар жөнүндө кодекске өзгөртүү киргизүү тууралуу айтып өттү. Алар Казакстандын улуттук парктарын жана башка жаратылыш ресурстарын коргоого багытталган. Мыйзамдарга киргизилген өзгөртүүлөр биринчи окууда Мажилисте жактырылды.
Сериккали Брекешев, Казакстандын экология, геология жана жаратылыш ресурстарын коргоо министри:
- Акыркы жылдары өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын айрым түрлөрүндө жеке адамдардын болуу тартибин бузуу фактыларынын саны кескин өстү. Эгерде 2017-жылы 41 гана укук бузуу жасалган болсо, 2020-жылы пандемияга карабастан тогуз жүздөн ашык адам жоопкерчиликке тартылган. Буга байланыштуу мыйзам долбоорунда айыптын өлчөмүн 2ден 5 МЭК (минималдуу эсептөө көрсөткүчү) чейин жогорулатуу каралды.
Ошондой эле, Мажилистин жыйынында министрлик башчысы Оралдагы сайгактардын популяциясын жөнгө салуу зарылдыгына токтолду. Жаныбарлардын бул түрүнүн санын сактоого, көбөйтүүгө жана ар кандай кордоону, атууну алдын алууга багытталган.
Сериккали Брекешев, Казакстандын экология, геология жана жаратылыш ресурстарын коргоо министри:
- Био негиздеме аяктады, окумуштуулар сайгактардын популяциясын жөнгө салуу зарылдыгы бар деп айтышат, бул Орал популяциясы болот, эгерде азыр Орал популяциясы 800 миңден бир аз ашыгыраак болсо, анда 10%га жакыны жөнгө салынууга тийиш. Башкача айтканда, бул 80 миң баш сайгак.
Которгон: Илгиз Жамалбеков