АКШнын алты университети казакстандык бүтүрүүчүнү окууга чакырды. Алматыдагы республикалык физика-математика мектебин аяктаган 16 жаштагы Нуржан Абдирасилов документтерди тапшыруу учурунда мындай жыйынтыкты күткөн эмес. Бирок ал эң беделдүү окуу жайларын тандоодон тартынган жок.
Нуржан Абдирасилов, мектеп бүтүрүүчүсү:
- Алардын арасынан мен US BERKLY деген университетти тандадым. Ал Калифорнияда жайгашкан. Бул окуу жай көп даражалуу университет болуп саналат. Computer science адистиги демек программалоо боюнча дүйнөлүк рейтингде 4-орунда. Билимди татыктуу бере алаарына ишендим.
Нуржан эл аралык олимпиадаларга катышып, ийгиликтерге жетишкен. Ошондой эле, ал жетим балдарды программалоого үйрөтүү үчүн автордук курсту иштеп чыккан. Ал эми ата-энеси уулунун математика же физика тармагында илимпоз болушун каалашкан.
Газиз Абдирасилов, Нуржандын атасы:
- Анткен менен бир күнү уулум келип: «Ата, мен математикага анча деле кызыкпайм, информатиканы жакшы көрөм, программалоо менен алектенгим келет» - деди. Уулумдун тандоосун кубаттадым. Чечимин кабыл алдык. Ошондон баштап информатикага басым жасап, ошол багыттагы билимибизди толуктай баштадык. Биз эң мыкты болбосок дагы мыктылардын бири болушубуз керек.
Жаш жигит АКШда окуусун аяктагандан кийин Google же Netflix сыяктуу ири компанияларда иштөөнү кыялданат. Тажрыйба топтогондон кийин кичи мекенине кайтып келип, өлкөсүнүн өнүгүшүнө салым кошууну көздөйт.
Которгон: Илгиз Жамалбеков