Казакстан менен Чехия кызматташтык тууралуу алты меморандумга кол коюшту

Казакстан менен Чехия кызматташтык тууралуу алты меморандумга кол коюшту

Казакстан менен Чехиянын компаниялары Астанада өткөн биргелешкен бизнес-форумдун жүрүшүндө кызматташуу жөнүндө алты меморандумга кол коюшту. Келишимдер энергетика, транспорт, унаа жасоо, камсыздандыруу жана башка келечектүү тармактарда биргелешкен ишканаларды түзүүгө багытталган. Тараптар өнүмдү жеткирүүдө гана эмес, ошондой эле толук кандуу локалдаштыруу жана технологияларды өткөрүп берүү жаатында да өнөр жайлык кызматташтыкты тереңдетүүгө умтулушат. Өлкөлөр көптөн бери соода мамилелерин түзүп келишет, муну көрсөткүчтөр көрсөтүп турат. Өткөн жылы эки тараптуу соода жүгүртүү 700 миллион доллардан ашты, анын ичинен өнөр жай өнүмдөрү дээрлик 98% түздү. Учурда өлкөдө Чехиянын катышуусу менен 150дөн ашык компания иштейт, ал эми акыркы жыйырма жылда Чехиядан келген инвестициялардын көлөмү 350 миллион доллардан ашты.

Олжас Бектенов, Казакстан Премьер-министри:

– Казакстандын Президенти Касым-Жомарт Токаевдин тапшырмаларына ылайык, биздин өлкө проактивдүү инвестициялык саясатты ишке ашырууда. Бул саясаттын негизги компоненти - жаңыртылган 2030-жылга чейинки инвестициялык саясат концепциясы. Бул концепциянын алкагында атайын инвестициялык кеңеш түзүлдү. Мында улуттук инвестициялык холдинг катары кайра түзүлгөн «Байтерек» компаниясына өзгөчө роль берилген. Биз Kazakhstan Invest улуттук компаниясынын инвестициялык дарамети жогору болгон артыкчылыктуу рыноктордо катышуусун кеңейтүү менен чет элдик инвестицияларды тартуу боюнча күч-аракеттерибизди жумшап жатабыз.

Казакстандын жагымдуу инвестициялык климаты чех компанияларын өзүнө тартып турат, энергетика, авиация жана автоунаа тармактарында долбоорлор ишке ашырылууда. Акыркы тармак бул кызматташтыктын флагманы болуп саналат. Мисалы, Škoda менен өнөктөштүктүн алкагында өлкөдө жылына 5000ге чейин унаа чыгаруу кубаттуулугу бар толук циклдүү өндүрүш ишке киргизилди. Компания ошондой эле жүргүнчүлөрдү ташуу жаатында долбоорлорду сунуштайт. Балтика өлкөлөрүндө жана Өзбекстанда буга чейин колдонулуп келе жаткан төмөнкү полдуу электр поезддери жана гибриддик поезддер бар.

Роман Соркин, «Škoda Group» компаниясынын Борбордук Азиядагы жана Түштүк Кавказдагы сатуу боюнча вице-президенти:

– Бул жүргүнчүлөр көп жүргөн шаарларда тоскоолдуксуз чөйрөнү, башкача айтканда, универсалдуу жеткиликтүүлүктү автоматтык түрдө түзгөн төмөнкү кабаттуу жүргүнчү поезддери. Экинчиден, метро бар, анткени биз советтик стилдеги туннелдерди чыгарган дүйнөдөгү экинчи эң тажрыйбалуу өндүрүүчүбүз. Казакстанда трамвай кызматы бар бир нече шаарлар да бар. Балким, жакында борбор калаада бирөө пайда болот деп үмүттөнөм. Рынокко кирүүнүн шарттарынын бири – өнүмду локалдаштыруу, өндүрүштү локалдаштыруу. Бул туура иш жана биз муну колдойбуз.

Которгон: Илгиз Жамалбеков