Өкмөттө президенттин тапшырмаларын ишке ашыруу чаралары талкууланды

Өкмөттө президенттин тапшырмаларын ишке ашыруу чаралары талкууланды

Казакстанда кант өнөр жайын өнүктүрүүнүн комплекстүү планы иштелип жатат. Бул тууралуу айыл чарба министри Ербол Карашөкеев билдирди. Анын айтымында, документ өлкөнү таттуу азыктар менен камсыздоо боюнча конкреттүү максаттарды ишке ашырууга багытталган. Анда жаңы сугат жерлерди жана ным үнөмдөөчү технологияларды киргизүү, үрөнчүлүктү өнүктүрүү, кант кызылчасын кайра иштетүүчү ишканаларды модернизациялоо жана жаңы заводдорду куруу аркылуу чийки зат менен камсыз кылууну көбөйтүү чаралары камтылган. Жыйында айыл чарба өнүмдөрүн импорттук көз карандылыктан арылтуу маселеси да талкууланды.

Ербол Карашөкеев, Казакстандын айыл чарба министри:

- Жалпысынан 2022-жылдын аягына чейин агроөнөр жай комплексин өнүктүрүүгө 295 миллиард теңге суммасында 237 инвестициялык долбоорду ишке ашыруу көздөлүп жатат. Анын ичинде импорттук позициялардын 6 түрү боюнча 128,5 миллиард теңгеге 81 долбоор жүзөгө ашырылат. Бул үчүн алар жеңилдетилген насыя, субсидиялар, жер ресурстары жана инфраструктура менен камсыз кылынат.

Өлкөдө негизги товарлардын балансын калыптандырган бирдиктүү маалымат системасы түзүлөт. Бул Айыл чарба министрлиги менен биргеликте колго алынган демилге экенин соода жана интеграция министри Бакыт Султанов билдирди. Ал азык-түлүк коопсуздугу программасын иштеп чыгууну жеке өз көзөмөлүнө алаарын кошумчалады.

Бакыт Султанов, Казакстандын соода жана интеграция министри

- Ички рынокту толуктоо боюнча өндүрүүчүлөрдүн каршы милдеттенмелерин бекитүү бөлүгүндө тармакты субсидиялоо жана колдоонун башка да чараларын сунуштоо боюнча ыкмалары кайрадан каралып чыгат. Конкреттүү жана эффективдүү өндүрүшчүлөрдүн тезирээк пайда болуусуна көңүл бурулат.

Жыйындын соңунда өкмөт башчы мамлекеттик органдарды, акимчиликтерди жана квазимамлекеттик секторду өз ишинде жигердүү болууга чакырды. Алихан Смаилов өз ара иш-аракеттерди жолго коюп, ар бир маселени биргелешип чечүүнүн маанилүүлүгүн эске салды.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков