V Дүйнөлук көчмөндөр оюндарына чет элдиктер да даярдыктарын көрүүдө

Бүткүл дүйнө көз сала турган 5-Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына чет өлкөлөрдө да даярдык кызуу жүрүп жатат. Венгриянын спортчулары мелдеште багын сынашат. Алар тогуз коргоол жана мангала боюнча мелдешке катышат. Венгриялыктардын даярдыгы өзгөчө. Теги кыпчактар болгон боордош элге көчмөндөрдүн каада-салты, оюндары жат көрүнүш эмес. Деген менен машыгуунун максаты башка. Бул жаатта физикалык көнүгүүлөрдү жасоодон тышкары жасалма интеллектти колдонууну туура көрүшкөн.

Балаж Гентер, V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катышуучу, Венгрия:

– Мен тогуз коргоолго арналган компьютердик программа жаздым. Ал азырынча абдан жөнөкөй, бирок программа ар бир кадамды тез ойлонууга жардам берет. Жакында досторума мангала, тогуз коргоол оюндарын көрсөттүм. Мен Венгрияда оюндардын ушул түрлөрү боюнча борбор түзүүнү пландап жатам. Мен дагы көп адамдарды ушундай оюн түрлөрү менен ойноого үндөгүм келет.

Тимеа Янурик, V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катышуучу, Венгрия:

– Бизде Венгрияда чүкөгө окшогон улуттук оюнубуз бар. Ал оюн үчүн биз сөөк, таш жана топчу колдонобуз. Ал кезде мен чүкө оюну бар экенин билген эмесмин. Бул биздин жалпы тарыхыбыздын айкын көрүнүшү деп ойлойм. Венгрия үчүн бул эң сонун. Себеби, казак эли аркылуу өз тарыхыбызды таанып-билип жатабыз. Мен үчүн оюндан сырткары казак элинин маданияты менен таанышуу абдан маанилүү.

Бүгүнкү күндө түрк балбандары да күрөш боюнча өз өнөрлөрүн сынап көрүүгө арыз беришти. Бул оюнда 5 спортчу шамдагайлыгын сынап көрүшөт. Алар мелдеш башталган күндү чыдамсыздык менен күтүп жатышат.

Аныл Беркан Кылычсаллаян, V дүйнөлук көчмөндөр оюндарына катышуучу, Түркия:

– Бул мен үчүн чоң тажрыйба болот. Түрк мамлекеттеринин элдерин таанып-билүү, алардын эли менен баарлашуу, бири-бирине жакындашуу оюндун түпкү максаты да ушул деп ойлойм. Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары түрк өлкөлөрү үчүн жана биз үчүн абдан маанилүү. Бул тажрыйба жакшы болгону менен биз да жеңишке жетебиз деп үмүттөнөбүз.

Белгилей кетсек, аяк оона айынын 8-13 күндөрү Астанада V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары өтөт. Масштабдуу мелдешке 89 өлкөдөн 2 миңден ашуун спортчу катышары пландалууда. Борбор Азиянын көчмөн элдеринин салтынан жаралган спорттун этникалык түрлөрүн көрсөткөн уникалдуу эл аралык иш-чарада спорттун 21 түрү боюнча жалпысынан 97 комплект медальдар ойнотулат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков